Орозо айынын башталышынын болжолдуу күнү айтылды
RU

Орозо айынын башталышынын болжолдуу күнү айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгы Орозо айынын болжолдуу баштала турган күнүн аныкташты. Бул жөнүндө КМДБнин басма сөз бөлүмү билдирди.

Алдын ала берилген маалыматка ылайык, ыйык Орозо айы 2021-жылдын 13 же 14-апрелде башталат.

Муфтият белгилегендей, ооз беките турган күн өзгөрүп кетиши мүмкүн. Так күнү Орозо башталганга бир нече күн калганда айдын жаңырышына жараша айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/946