Россия 150 кыргызстандык окуучуну "Артек" лагерине чакырды. Чакыруулар президентте
RU

Россия 150 кыргызстандык окуучуну "Артек" лагерине чакырды. Чакыруулар президентте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-мартта Садыр Жапаров Россиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Тараптар кыргыз-россиялык кызматташуунун приоритеттери жана перспективалары тууралуу пикир бөлүшүштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдады.

Садыр Жапаров Россия тарап ар бир региондо жана Бишкек менен Ош шаарында мектептердин курулушуна салым кошуп жаткандыгына ыраазычылык билдирди. Россияга болгон иш сапарынан кийин, өкмөттүн региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү бул багыт боюнча маселени иштеп чыгуу тапшырмасын алгандыгын кошумчалады.

Президент орус тилинде окуткан бирдиктүү жалпы билим берүүчү мектептерди куруу жана алардын иш алып баруусундагы алгачкы иш аракеттердин планы менен бөлүштү. Бул планды ишке ашыруу биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерин түзүү, куруу жана иштетүү шарттары жөнүндө Өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет деп кошумчалады.

Сергей Кравцов бүгүн, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушуп, Кызматташуу протоколуна кол койгондугун билдирди. Ал билим берүү долбоорлорунда улуттук компонентти - улуттук тилди, тарыхты жана салт-санааны эске алуу абдан маанилүү экенин белгиледи.

Бул багытта тажрыйба алмашууну өрчүтүү максатында, россиялык мугалимдерди Кыргызстандын мектептерине жөнөтүү программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди (бүгүнкү күндө Оштогу мектептерде 29 россиялык мугалим иштеп жатат).

Россия тарапты Кыргызстандын айыл жергесинде мугалимдердин жумушун уюштуруу тажрыйбасы кызыктырды.

Андан тышкары Россиянын агартуу министри "Артек" эл аралык балдар борборуна 150 бала үчүн сертификат - путевкасын президент Садыр Жапаровго тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/955