Адам уурдоону уюштурганга шектелип "Кытай" аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
RU

Адам уурдоону уюштурганга шектелип "Кытай" аттуу кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кытай" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Ал адам уурдоого шектелип жатканын Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жүргүзүлүп жаткан рейддин алкагында 8-декабрда 3 жаран кармалды. Алар акча өндүрүү максатында адам уурдап, жабырлануучуга моралдык-психологиялык басым жасап, денесине залал келтиришкен.

Кармалгандар:

  • 1984-жылы туулган К.У., мурда бир нече жолу оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолуп чыккан. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Акча өндүрүү үчүн адам уурдоону уюштурган. Кылмыш чөйрөсүндө "Кытай" деген каймана ат менен белгилүү. Эч жерде иштебейт;
  • 1998-жылы туулган К.уулу Ө., убактылуу иши жок;
  • 2002-жылы туулган М.С., Кара-Суу районунун тургуну, Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окуйт.

Окуя 23-ноябрда Ош шаарында катталган. Анда 34 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз адамдар коркутуп, 10 миӊ сом акчасын, уюлдук телефонун тартып алышкан. Ошондой эле ири суммадагы акча талап кылышкан. Жабырлануучу акча берүүдөн баш тартып, каршылык көрсөткөн. Карактагандар физикалык күч колдонуп, 34 жаштагы жаранды унаасына салып Кара-Суу районундагы үйгө алып барышып, бир бөлмөгө камашып, бычак такап, акча талап кылышкан. Андан тышкары коркутушуп, ур-токмокко алышкан.

Бул факты боюнча 165-берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды. Жабырлануучунун денесиндеги жараттардын оордугун аныктоо максатында атайын соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9560