Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөт
RU

Корея Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Джэ менен жолугушту.

Жогорку Кеңештен маалымдашкандай, жолугушууга KOICAнын (эл аралык кызматташтык агенттиги) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ли Джонгсу катышты.

Нурланбек Азыгалиев Корея Республикасы парламенттин санариптик потенциалын бекемдөө максатында Жогорку Кеңешке техникалык жардам көрсөтүп жатканын белгиледи.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында суммасы 200 миң долларды түзгөн тармактык жабдууларды Жогорку Кеңешке берүү актысына кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9565