Жаслма документтерди берип, 200 000 сом алып, ошол боюнча из жашырып кеткен
RU

Жаслма документтерди берип, 200 000 сом алып, ошол боюнча из жашырып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында Сокулук районунун аймагынан алдамчылыкка шектелген жаран кармалган.

Шектүү жаран үстүбүздөгү жылдын февраль айынын башында чакан кредиттик компаниялардын биринин ишенимине кирип, жасалма документтерди берип, 200 000 сом акчасын алып, ошол боюнча из жашырып кеткени тууралуу ички иштер органдарына арыз түшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Үстүбүздөгү жылдын 12-март күнү Москва РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Беловодск айылынан жогорудагы кылмышка шектелип 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран кармалган. Ал КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

Кармалган жаран Сокулук РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/958