Кыргызстан Ирактан 79 баланы мекенине кайтарды. Фото
RU

Кыргызстан Ирактан 79 баланы мекенине кайтарды. Фото

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарынын 79 баласы кайтарылды. Бул тууралуу редакцияга келип түшкөн релизде жазылган.

Белгилүү болгондой Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында өлкөгө Ирак Республикасынан атайын борт учуп келди.

Өмүрү жана ден соолугу үчүн өтө кооптуу абалга кабылган жана мамлекет тарабынан коргоо укугуна ээ болгон балдарды куткарууга багытталган бул гуманитардык миссия мындай мүнөздөгү жана масштабдагы алгачкы репатриациялык иш-чара болуп саналат.

Репатриация боюнча олуттуу даярдык көрүү ишти камтыган иш-чаралар комплексинин алкагында, ирак тарап менен узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин балдарды мекенине кайтарууну даярдоо боюнча тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн 2021-жылдын февралынын аягында Ирак Республикасына гуманитардык миссия менен дипломатиялык кызматкерлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Балдарды репатриациялоо өлкөбүздүн жетекчилигинин саясий эркинин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн координациялоосунун астында, Кыргызстандын тышкы иштер, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жааттарындагы мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын Кувейттеги Элчилигинин ведомстволор аралык өз ара ырааттуу аракеттенүүсүнүн, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардамдын негизинде жүзөгө ашырылды.

Балдарды мекенине кайтаруу репатриациялык иш-чаралар алгоритминин бир бөлүгү болуп саналып, ага ылайык балдарды кийин туугандарына өткөрүп берүү үчүн тийиштүү кызматтар аларды реабилитациялоо жана ресоциализациялоо иштерин жүргүзүүгө тийиш.

Белгилеп кетчү нерсе, балдарды алып келүү алардын Ирак Республикасында калган энелеринин, ошондой эле балдарды тарбиялоого өз үй бүлөлөрүнө алууну ыктыярдык негизде билдирген алардын Кыргыз Республикасындагы туугандарынын макулдуктары менен ишке ашырылды.

Мекенине кайтарылган балдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар тараптуу жардам берилет. Аларды тез арада реабилитациялоо, реинтеграциялоо жана нормалдуу тынч жашоого кайтаруу боюнча бардык иш-чаралар өткөрүлөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү балдарды репатриациялоо процессин уюштурууга көрсөткөн көмөгү үчүн Ирак Республикасынын Өкмөтүнө, балдарды куткаруу жана мекенине кайтаруу боюнча гуманитардык миссияны жүзөгө ашырууга көрсөткөн зор колдоосу жана кызматташуусу үчүн БУУнун Балдар фондунун Бишкектеги жана Багдаддагы өкүлчүлүктөрүнө, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомуна ыраазычылыгын билдирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/959