Кыргызстандын ар бир районунда мал союучу чакан жайлар курулат
RU

Кыргызстандын ар бир районунда мал союучу чакан жайлар курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы Кыргызстандын ар бир районунда чакан жана талапка жооп берген мал союучу жай куруу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматынын директорунун орун басары Чыңгыз Шейшенбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, ушул жылдын 11 айында 93 мал союучу жай текшерилип, жыйынтыгында 25 жайга эскертме кагаздары берилип, бир айлык мөөнөт коюлду.

"Ветеринардык кызматтын башкы максаты – бала бакчадан баштап, аскерлерибизге чейин сертификациядан өткөн гана мал союучу жайдын эти менен камсыз кылуу. Ошондуктан 2023-жылы Кыргызстандын ар бир районунда чакан жана талапка жооп берген мал союучу жай куруунун пландап жатабыз", - деди Шейшенбаев.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9633