MegaCom компаниянын башкы директору алмашты
2387
"Альфа Телеком" ЖАК (соода белгиси MegaCom) компаниянын башкы директору Жамангулов Акылбек Жекшенович 2021-жылдын 16-мартынан тарта башка кызмат ордуна которулгандыгына байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын жазды. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору кызматын 2018-жылдын 24-октябрынан бери аркалап келген.
Ал эми "Альфа Телеком" ЖАКтын башкы директору кызматына Базаркулов Азат Темирканович дайындалды. Ал буга чейин "Акнет" ЖЧКнын аткаруучу директору кызматында эмгектенип келген.
slide 3 of 2
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/963