"Тандоо Эркиндиги" саясий партиясынын Бишкек шаарынын тургундарына жасаган кайрылуусу
RU

"Тандоо Эркиндиги" саясий партиясынын Бишкек шаарынын тургундарына жасаган кайрылуусу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Достор, Бишкекте 11-апрелде боло турган Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо алдындагы үгүт иштери кызуу жүрүп жатат.

"Тандоо Эркиндиги" саясий партиясы сизге туруктуулук, ден-соолук жана өнүгүү каалайт. Шайлоо жарышын расмий түрдө баштадык, бюллетендеги биздин номер 8!

Алдыдагы шайлоонун таза өтүшүн каалайбыз.

Биз баарыбыз шаарыбыздын кандай абалда болбош керек экенин жакшы түшүнсөк керек. Шаарыбыз алсыз, жакыр абалда болбошу керек, технологиялык артта калуудан жабыр тартпашы керек, чиновниктердин кош көңүлсүздүгүнөн жана коррупциянын азабын тартып, обочолонбошу керек.

Коомубуздагы атмосфера кандайча өзгөргуп жатканын сезбеген адам болбосо керек. Бардык жерде элдин көйгөйү, жана ал маселени кантип чечиш керектигин ачык-айкын кызуу талкуланууда. Инерциянын жана социалдык кайдыгерликтин ордуна жарандык активдүүлүк, демилгелүүлүк жана тайманбас изденүүгө убакыт келди.

Биздин шаарыбыз бир нече жолу чыныгы жетишкендиктерге жетишип, бирдиктүү жана бөлүнгүс улутка бириктирип келген элибиздин таланты, маданиятыбыздын байлыгы жана улуттук баалуулуктарыбыз Бишкекти бирдиктүү жана бөлүнгүс калаага айландырат.

Чоң максаттарды ишке ашырыш үчүн бизде бардык нерсе бар.

Биздин катарда эң жогорку деңгээлдеги адистер көп, жоопкерчиликтен коркпойбуз. Биз шаарыбыз үчүн, адамдардын өмүрү жана ден-соолугу үчүн, жалпы келечегибиз үчүн күрөшүүгө даярбыз.

Жеңиш партияларга эмес, элге таандык!

Бишкектин ар бир тургуну өзүнүн шайлоого жеке катышуусу менен жалпы шайлоо процессинин ачык жана таза өтүшүнө салым кошот.

Шаардын экономикалык жактан өнүгүшү гана туруктуулукту жана ошондой эле шаардын өнүгүүсүн камсыздай алат деп ишенебиз.

Азыркы учурдагы биздин партиянын башкы максаты - бул шайлоонун алдындагы программаны ишке ашыруу менен бирге коомчулуктун өнүгүүсүн жана туруктуулугун жолго салуу.

Өзүңө ишен, бардыгы өзүбүздүн колубузда!

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапаралиева К.А. тарабынан "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 16.03.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/968