ЖМК: Каржы министринин орун басары мас абалда унаа башкарып, айыпка жыгылды
RU

ЖМК: Каржы министринин орун басары мас абалда унаа башкарып, айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы министринин орун басары Руслан Татиков мас абалда унаа башкарып бара жатканда кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Бул учурду NewTV телеканылынын кабарчылары тартып алышкан.

Видеодо Татиков "мас эместигин, аялын үйүнө алып бара жатканын" айткан. Наркология бөлүмүнө баруусун суранганда, Татиков патрулдук милиция кызматкерлеринен телефон аркылуу сүйлөшүүнү талап кылган.

Ошондой эле аткаминердин жакындары видеого тарткан журналисттерди коркутуп-үркүтүшкөн.

Наркологиядан Татиков мас абалда экени такталган. Андан кийин Татиков спирт ичимдигин ичкенин, тагыраагы, сыра ичкенин моюндаган. Министрдин орун басарына 17500 сом айып пул салынып, унаасы айып короосуна токтотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9714