Гүлжигит Сатыбековдун концертинен кийин Жалал-Абаддагы театрдын кейпи. Видео
RU

Гүлжигит Сатыбековдун концертинен кийин Жалал-Абаддагы театрдын кейпи. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Барпы атындагы Жалал-Абаддын облустук театры Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун концертинен кийин таштандыга көмүлүп калды. Бул көрүнүштү социалдык тармактарга жарыяланган видео күбөлөндүрүп турат.

Видеонун автору концертке келген коноктордон кийин көрүнүш, карагылачы! - деп айтып жатат. Видеодо чипсынын тыштарын, суусундуктардын бөтөлкөлөрүн байкоого болот.

"Гүлжигит Сатыбековдун концертинен кийинки Барпы беатрындагы көрүнүш. Карагылачы! Маданиятыбыз өнүпмөйүн, биз эч качан өнүкпөйбүз. Өлкөгө кайдыцгер болбош үчун, биринчи өзүбүздн башташыбыз керек. Мусорду айтпай эле коелу. Биздин айымдар театрдын өнүгүшү үчүн кандай мээнет кылып тазалап жатышат. Театрдын ичинде "Сиздин маданиятыңыз тазалыктан башталат" деп жазылып турат", - дейт жогорудагы көрүнүштү тартып алган адам.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/972