Кышында жука бут кийим кийбеңиз, себеби…
RU

Кышында жука бут кийим кийбеңиз, себеби…

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кышында жука бут кийим кийүү ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Андыктан бутту жылуу кармап, ден соолукка туура кам көрүү менен бир канча оорулардын алдын алса болот. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан жука бут кийимдин таасирлери тууралуу айтып беришти.

Иммунитетке сокку урат

  • Жеңил бут кийим буттун үшүп калышына жана бүтүндөй организмдин муздап калышына алып келиши мүмкүн.
  • Ал гана эмес кичине эле чыйрыгуу дагы организмдин коргоонуусун төмөндөтөт. Бул ар кандай ооруларга туруштук бере албай калат дегендик.

Сезгенүүнү пайда кылат

  • Көп учурда үшүп калуу, суук тийип сезгенүүгө ошондой эле мурун тамак жана кулак сезгенишин пайда кылыш ыктымал.
  • Дайыма үшүп жүрүү отит, гайморит, ангина ооруларына алып келет.

Кандай ооруларга жеткирет?

  • Жыныстык оорулар: заара бөлүп чыгаруу органдарынын сезгениши буттардын муздап калышынын жыйынтыгында келип чыгуучу кеңири көп кездешүүчү оору.
  • Муун ооруларын пайда кылат: үшүп калган учурда радикулит да өрчүп, муун ооруларынын курчушуна алып келиши мүмкүн. Ошондой эле остеохондроз, ревматизм, бет жана неврит дартынын пайда болушуна түрткү берет.
  • Кышында дайыма жука бүт кийим кийип жүрүү бир топ жылдардан кийин өнөкөт оорулардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Бут кийимди сулуулук үчүн эмес, жылуулук үчүн тандоо зарыл. Эң негизгиси кышкы бут кийимден ным өтпөшү керек. Мехи жана таманы калың бут кийим көптөгөн оорулардын ала аласыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9734