Садыр Жапаров менен биринчи айым окуучуларды президенттик балатыда куттукташты. Сүрөттөр
RU

Садыр Жапаров менен биринчи айым окуучуларды президенттик балатыда куттукташты. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-декабрда салтка айланган балдардын жаңы жылдык балатысына президент Садыр Жапаров катышты. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болду.

"2023-жыл Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн албан-албан ийгиликтерди алып келген, жаратман окуялар менен жакшы өзгөрүүлөргө толгон жемиштүү жыл болсун деп тилек кылалы. Биз силерден келе жаткан жаңы жылда мыкты жетишкендиктерди, кызыктуу идеялар менен жаңы ачылыштарды жана кыргыз элине тартуулаган жеңиштерди күтөбүз! Алдыңарда кеңири мейкиндиктер ачылып, алдыга койгон максаттарыңар ишке ашсын!

Ал эми мындай максат-тилектерди жүзөгө ашыруу үчүн, урматтуу балдарым, кымбаттуу окуучулар, албетте, талбай окушуңар керек!

2023-жыл ар бир окуучу үчүн чоң-чоң жетишкендиктердин жылы болсун! Жаңы жылыңар менен кымбаттуу жеткинчектер!", - деп куттуктады өлкө башчы.

Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды.

Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын балдары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9738