Министрдин орун басары Жогорку Кеңешке балдак менен келди (видео)
RU

Министрдин орун басары Жогорку Кеңешке балдак менен келди (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-декабрдагы жыйынына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков аксап, балдак менен келди. Ал жыйында "Жаштар тууралуу" мыйзам долбоору менен тааныштырып, трибунада тикесинен турду.

Суроо узатуу кезеги депутат Акбөкөн Таштанбековго жеткенде ал кесиптештерине Надырбековдун отуруусуна уруксат берүүнү сунуштады.

"Отурганга уруксат бербейлиби. Бутун сындырып алыптыр. Уят да", - деди Таштанбеков.

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев биринчи окууда каралып жаткан мыйзам долбоорун трибунадан тааныштыруу керек экенин айтты. Бирок Надырбековдун саламаттыгына байланыштуу отуруусуна уруксат берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9747