Узап бараткан жылдын мыкты министрликтери, ведомстволору аныкталды
RU

Узап бараткан жылдын мыкты министрликтери, ведомстволору аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бугүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өттү. Анда Акылбек Жапаров министрликтердин жана ведомстволордун ишине баа берүүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Өлкөнүн башкы документи болгон Улуттук программага сапаттуу жана толук ишке ашыруу үчүн министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн так, жөнөкөй системасы киргизилген. Анда ар бир мамлекеттик органдын иш-чараларга жоопкерчиликтүү караганы жана салым кошкону талданган.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик кызматтар "мыкты", "жакшы", "үч" жана "эки" деген баалар менен аныкталганын кошумчалады.

"Мыкты" деген баа:

  • Мамлекеттик салык кызматына;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлигине;
  • Ички иштер министрлигине;
  • Коргоо министрлигине;
  • Тышкы иштер министрлигине;
  • Юстиция министрлигине;
  • Улуттук статистика комитетине;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине;
  • Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна берилди.

Ал эми "жакшы" деген баа менен 19, "канааттандырарлык" деп 3 жана "канааттандырарлык эмес" деген баа 1 мамлекеттик мекемеге берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9749