Футбол падышасы Пеле көз жумду
RU

Футбол падышасы Пеле көз жумду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Залалдуу шишик менен күрөшүп келген легендарлуу бразилиялык футболчу Пеле 82 жашында каза болду.

Буга чейин анын абалы начарлап, Бразилиядагы "Сантос" клубу Пелени акыркы сапарга узатуу зыйнатына даярдык көрүп баштаган. Анда стадионго чоң чатыр орнотулуп, анын ичине алтын табыт жашырылган. Дарыгерлер Пеленин туугандарына ооруканага келип, аны менен коштошуп кетүүгө чакырышкан.

  • Пеле 1940-жылы Бразилиянын Трес-Корасойнс шаарында төрөлгөн.
  • Толук аты-жөнү Эдсон Арантис ду Насименту.
  • 7 жашында балдардын жергиликтүү футбол командасында ойной баштаган. Ал Бразилия курама командасы менен алгачкы голун 1958-жылы Швецияда өткөн футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта киргизген. Анда Бразилия курамасы биринчи жолу Дүйнө чемпиондугун жеңип, Пеле дүйнөлүк чемпионаттардын тарыхында эң жаш чемпион болгон.
  • Аны футболдун падышасы деп аташчу. Пеле футболчу катары үч жолу (1958, 1962 жана 1970-жылдары) Дүйнө чемпиондугун жеңген тарыхтагы жалгыз оюнчу.
  • Ал ФИФАнын футбол боюнча комиссиясы, World Soccer жана France Football тарабынан XX кылымдын мыкты футболчусу, ошондой эле Эл аралык олимпиада комитети тарабынан XX кылымдын мыкты спортчусу деп табылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9767