Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат
RU

Бүгүн Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 31-декабрда кечки саат 18:00дөн баштап саат 01:00гө чейинки убакытка айрым көчөлөр жабылат.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык иш-чара өтөт. Буга байланыштуу Чүй кең көчөсүнүн Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилет.

Милициянын кайгуул кызматы, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгындарды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү каттамдарды тандоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9773