Карызы бар абоненттердин жарыгы жаңы жыл күнү өчүрүлбөйт
RU

Карызы бар абоненттердин жарыгы жаңы жыл күнү өчүрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министри Таалайбек Ибраев карызы бар абоненттердин жарыгын майрам күнү өчүрбөй турууну тапшырды. Бул туурасында министр 30-декабрда энергокомпаниялардын жетекчилери менен өткөргөн жыйында айтты.

Таалайбек Ибраев жаңы жылдык майрамга карата карызы бар жарандардын жарыгын майрам күнү өчүрбөй турууга буйрук берди. Ошондой эле майрам жана эс алуу күндөрү энергетиктер кызматта болушун, калкка жылуулук жана жарык берүү энергетиктердин милдети экенин эскертти.

"Урматтуу кесиптештер! Алгач баарыңарды Жаңы жылыныздар менен куттуктайм! Өзүңүздөр жакшы билгендей энергетиктерде эс алуу жана майрам деген жок. Майрамдык маанайды биз элге тартуулап, жарык жана жылуулук менен камсыз кылышыбыз керек. Баарыңар байланышта болуп, ыкчам түрдө иштөөнү колго алгыла. Майрам күндөрү, кышында эл жарыксыз калбашы керек. Аба ырайы күндөн-күнгө сууктап бара жатат. Ошону менен катар пенсионерлер пенсиясын алгыча 2-3 күн айырма болуп светтин акчасын төлөгүчө өчүрүп коюп жатасыздар. Карызы бар пенсионерлер электер энергиясына болгон төлөмдү төлөгүчө убакыт бергиле", - деди министр.

Жаңы жылдык майрам күндөрү Энергетика министрлиги жана энергокомпаниялар керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен ишенимдүү камсыздоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9775