Жаңы жылга жаңы мектеп. Баткенде 84 млн. сомго курулган мектеп ачылды
3310
Баткен шаарында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгында №4 жалпы билим берүү мекемесинин ачылышы 30-декабрда болду.
slide 2 of 5
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев алгач мектептин жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
slide 2 of 8
Имарат жалпысынан 375 орунга ылайыкташып, мектептин курулушуна Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан 84 млн. сом каражат гранттык негизде бөлүнгөн. Жаңы мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулду.
Белгилей кетсек, шаарда жалпы 6 миңден ашуун окуучу бар. Жаңы мектеп шаардагы 10-мектеп болуп, пайдаланууга берилди.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9777