Алтын Капалованын балдарына өз атын берүү боюнча сот иши кайрадан жылдырылды
RU

Алтын Капалованын балдарына өз атын берүү боюнча сот иши кайрадан жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик Калкты катоо кызматы кайрадан жаңылдыбы? Бүгүн, 17-мартта балдарына өз атын берген Алтын Капалованын иши боюнча соттук отурум өтмөк болчу.

Процесс башталып, журналисттерди сот залына киргизбей коюшкан. Алар пандемиянын шарттарына шылташты.

Отурум бүткөндөн кийин Капалованын адвокаты Евгения Крапивина залдан чыгып, анын жакталуучусунун иши мындан ары Октябрь райондук сотунда карала тургандыгын билдирди. Себеби Капалова факт жүзүндө ошол райондо жашайт.

"ГРСте анын жашаган жери боюнча эски маалымат эле бар болчу, ошондуктан алар Свердлов райондук сотко кайрылышкан", - деп адвокат түшүндүрмө берди.

Анын айтымында иш башка сотко өткөрүлөт, анан эки жуманын ичинде процесс кайрадан карала башталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/977