Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 5 тоннадан ашык таштанды чогултулду
RU

Жаңы жылдык майрамдан кийин аянттан 5 тоннадан ашык таштанды чогултулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык салтанаттан кийин 5 тоннадан ашык таштанды чыгарылды. Бул туурасында "Тазалык" ишканасынан кабарлашты.

Мекеменин кызматкерлери жаңы жыл түнү таңкы саат 05:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтындагы таштандыларды чогултушту. Жалпы 5 тоннадан ашык таштанды чыгарышты.

Жалпы 60 жумушчу, 7 техника тартылган. Ал эми Бишкек боюнча тазалыкты камсыздоого 500 жумушчу, 42 атайын техника тартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9784