Бишкекте кафенин ээсине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кол салды
RU

Бишкекте кафенин ээсине уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кол салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кафенин ээсине кол салды. Kaktus.media сайтына маалыматты күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти.

Алардын берген маалыматы боюнча, жаңы жыл түнү Абдрахманов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Евразия соода борборундагы кафеде кече өтүп жаткан. Анда меймандар бийлеп жаткан учурда кафенин ээси менен белгисиз кишинин ортосунда пикир келишпестик орун алган. Белгисиз жаран кафе ээсине бычак саюуга аракет кылган.

Жабырлануучу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын пенсионери.

Ал эми шектүү 1995-жылы туулган А.Д. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, ага издөө жарыяланганы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9788