Бишкектеги жол кырсыгынан 9 адам жабыркады. Арасында 3 наристе бар
RU

Бишкектеги жол кырсыгынан 9 адам жабыркады. Арасында 3 наристе бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 1-январдын түнүндө жол кырсыгы катталып, 9 адам жаракат алды. Маалыматты Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, окуя 1-январда саат 23:00дө Манас кең көчөсү менен Москва көчөсүнүн кесилишинде катталган. Анда 28 жаштагы О.Н. Subaru Forester унаасы менен баратып 19 жаштагы А.Б"нын башкаруусундагы Honda Fit унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 9 адам жаракат алышты.

Алар:

  • 22 жаштагы С.К. (кыз)
  • 11 жаштагы А.Д.
  • 22 жаштагы А.С.
  • 19 жаштагы А.Б. айдоочу
  • 22 жаштагы А кызы А.
  • 22 жаштагы М. уулу Э.
  • 1 жаштагы наристелер М.А. жана М.А.
  • 3 жаштагы наристе М.С.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9796