Жаңы жылга карата жүргүзүлгөн рейдде 647 айдоочу мас экени аныкталды
Өлкө аймагында 12 күн ичинде 647 мас айдоочу аныкталганын Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 2022-жылдын 20-декабрынан 1-январга чейин жаңы жылга карата рейд жүргүзүлгөн. Ага ылайык:
- 647 айдоочу мас абалында унаа башкарган;
- 474 айдоочу тийиштүү документтери жок башкарган;
- 74 айдоочу унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткан;
- 6 айдоочу автоээнбаштык жасаган.
Жогоруда жол эрежелерин бузгандарга карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлдү.
ЖКККББнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартип кызмат өтөөнү улантып, 8-январга чейин "Рулда" аталышында рейддик иш-чараны өткөрөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/9799