Наталья Никитенко ИИМден Куренов жана Молдокматов боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды
RU

Наталья Никитенко ИИМден Куренов жана Молдокматов боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ИИМ министри Улан Ниязбековдон активист Тилекмат Куреновдун кармалышын жана Жеңиш Молдокматовдун үйүндө тинтүү жүргөнүн түшүндүрүп берүүнү суранды. Бул тууралуу ал Facebook аккаунтуна жазган.

Никитенконун жазганына ылайык, ал ички иштер министрине жана генералдык прокурорго кат жазган. Ошондой эле юрист Сания Токтогазиевага карата да маалымат жыйналып, укук коргоочу органдар тарабынан куугунтуктоо болуп жаткандыгын белгиледи.

"Акыркы күндөрү демократиябыздын туруктуулугуна күмөн жаратуучу окуялар болуп жатат. Жарандык активисттердин камакка алынышы кооптонууну пайда кылууда. Адамдын укугу жана эркиндигинин бузулушуна жол берилбеши керек деп эсептеймин", - деп Никитенко бегиледи.

Эске салсак, 15-мартта укук коргоочу органдар активист Тилекмат Куреновду камакка алышкан. Эртеси күнү, активист Жеңиш Молдокматовдун кеңсесинде тинтүү жүргөн.9-мартта алар "Ак үйдүн" алдына чыгып, Конституциянын жаңы редакциясына каршы митинг уюштурушкан. Укук коргоочу органдары берген маалыматка ылайык, тергөө иштери алардын социалдык тармактарга жазган постторуна байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/979