Акылбек Жапаров кымбатчылыктын себебин айтып, андан качуу мүмкүн эмес дейт
RU

Акылбек Жапаров кымбатчылыктын себебин айтып, андан качуу мүмкүн эмес дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине маек берди. Ал узап кеткен жылы командасы менен жасаган иши жана өлкөдөгү талуулу маселелер жөнүндө айтты.

Акылбек Жапаровдун сөздөрүнүн урунттуу учурларынан:

  • Менин жана командамдын аздыр-көптүр жетишкендиктери бар. Бюджетке түшкөн каражаттардын көлөмү эселеп өстү, буга чейин болуп көрбөгөндөй куралдуу күчтөргө көңүл бурулду, айлык маяна жана пенсиялар көтөрүлдү. Бул жомок эмес, бүгүнкү күндөгү реалдуулук.
  • Баалардын кескин көтөрүлүшү, инфляция процесстери тышкы факторлордун таасиринен болууда жана биз мындан эч жакка кача албайбыз. Алтургай ковид көйгөйү, анын кесепетинен келип чыккан локдаундар дүйнөнүн гигант экономикаларын солгундатып койду.
  • "Кумтөрдү" элге кайтарып берүү экономикалык эмес, руханий иш экенин айтуудан тажабайм. Бул Кыргызстандын жаңы тарыхын эки башка этапка бөлгөн сызык. Бул элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуубузду, өз күчүбүзгө ишенбөөчүлүктү жеңүү.
  • Эң негизгиси - коррупцияга катуу сокку болду. Коррупцияны принципиалдуу түрдө жеңүү мүмкүн эмес. Мамлекетибизди акырындан ичинен жеп жаткан негизги залалдуу шишикти алып койдук, эми калган метастаздары менен күрөшүү жеңил.
  • Суу сактагыч маселесин өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылган үчүнчү тараптар болгонун баса белгилеп кетким келет. Алар үчүн Кемпир-Абад жөн гана шылтоо - бийликке келүү үчүн өлкөдөгү кырдаалды солгундатуу.
  • Баткен - ар кандай аскердик кагылышуулар сыяктуу эле эл, мамлекет үчүн чоң сыноо болду жана биз бул сыноодон татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти, башкача айтканда, кандайдыр бир коопсуздукту түзө алдык. Мен муну өкмөттүн ишине баа берүүдөгү маанилүү жагдай деп эсептейм.
  • Саясатчы келип кетет, чиновник калат.
  • Мага жасалган чабуулдарды карап отурганга убактым жок.
  • Садыр Нургожоевич ар кандай саясий жек көрүүчүлүктөн, чынын айтканда коомубузга мүнөздүү болгон трайбализмден алыс адам болуп чыкты.
  • Саясат чөйрөсүндө түбөлүк душмандар жана түбөлүк достор болбойт. Эмоциялар, жактыруулар, жактырбоо - саясатка байланыштуу эмес.
  • Мен иштегенди, көйгөйлөрдү чечкенди жакшы көрөм, неберелеримди жана акылдуу адамдар менен сүйлөшүү жагат. Курч сөздөрдү жана оригиналдуу идеяларды баалайм.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9803