Ошто жол боюнда соодагерлик кылгандарга 3 миң сомдон айып салынды
RU

Ошто жол боюнда соодагерлик кылгандарга 3 миң сомдон айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында жол боюнда соодагерлик кылган 6 адамга 3 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын кайгуул кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, шаар аймагында 31-декабрдан тартып баш аламан соода-сатык жүргүзгөндөргө карата рейд башталган. Иш-чаранын алкагында мыйзамсыз соода кылып жаткан жарандарга профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, 3 миң сомдон айып пул салынууда.

Ош шаарынын А.Мамыров көчөсүндө соода кылган 6 соодагерге 3 миң сомдон айып пул салынды.

Рейд 10-январга чейин уланып, баш аламан соода кылгандар жол боюнан тазаланат дешет мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9813