Жерүй алтын кенинде митинг өтүүдө. Садыр Жапаров жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүгө чыкты
RU

Жерүй алтын кенинде митинг өтүүдө. Садыр Жапаров жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүгө чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта, Талас облусунда, "Жерүй" алтын кенинин аймагына кире бериш жеринде митинг өтүп жатат.

Митингдин катышуучуларынын айтымында, митингге Кара-Ой айылынын жашоочулары чыкты. Айыл алтын кен чыгуучу жерден 5 км аралыкта жайгашкан.

"Митинге чыккандар каражаттын бир бөлүгү жакын жайгашкан айылдарга жумшалуусун талап кылышууда. Анткени алтын кенди иштетүү жана андан кийинки этаптар жергиликтүү тургундарга кесепетин тийгизет", - деп ал Kaktus.media'га айтып берди.

Митингге чыккандар менен президент Садыр Жапаров сүйлөшүп жатат.

Компаниянын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, кен иштетүүчу жерде бардыгы тынч, кырдаал туруктуу. Ал эми өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү: эч нерсе болгон жок, деп маалымдады.

Эске салсак, бүгүн Таластагы алтын кен иштетүүчү комбинаттын саланаттуу иш баштоо аземи өткөрүлмөк. Анда Жерүй алтын кенинен алтын өндүрүлөт. Иш чарага Садыр Жапаров жана телемост аркылуу Россиянын президенти Владимир Путин катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/981