Караколдо өрт чыккан үйдөн 13 адам эвакуацияланды
RU

Караколдо өрт чыккан үйдөн 13 адам эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы үйлөрдүн биринен 13 адам эвакуацияланды. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрттөн жабыркагандар жок.

Бүгүн, 5-январда турак үйдүн электр калканычынан өрт чыгып, куткаруучулар жашоочуларды терезе аркылуу алып чыгышты. Өрт саат 15:30да чектөөгө алынып, саат 15:58де толук өчүрүлдү.

Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9824