Бишкектеги "Мурас-Ордо" жаңы конушунда 13-жашар өспүрүмдү өлтүрүп кетишти
RU

Бишкектеги "Мурас-Ордо" жаңы конушунда 13-жашар өспүрүмдү өлтүрүп кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-класстын окуучусун Бишкек шаарындагы "Мурас-Ордо" жаңы конушунан өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу редакцияга күч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алар берген маалыматка ылайык, бүгүн, 17-мартта "Мурас-Ордо" жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде өспүрүм баланын денеси табылган. Ата-энеси үйүндө жок экен.

Окуя болгон жерде Бишкектин ШИИБсинин жетекчилиги жана ИИМдин жетекчисинин орун басары Мирлан Каниметов бар.

Kaktus.media'га белгилүү болгондой, каза болгон өспүрүм бала 10-класс окуган улуу агасы менен үйдө калган. Бирок байкеси учурда жок жана кайсы жакта экени белгисиз. Азырынча ал шектелүүчү эмес.

Баланы тамагына бычак сайып өлтүрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/982