"Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдык башталды. Аны 3 мамлекет курат
RU

"Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдык башталды. Аны 3 мамлекет курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттери "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына кол коюшту. Маалыматты Энергетика министрлигинен кабарлашат.

Коңшу өлкөнүн энергетика министрлери Кыргызстанга келишип, "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруунун жол картасын иштеп чыгуу боюнча биргелешкен талкуу өткөрүштү. Тактап айтканда, долбоорду ишке ашырууда үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болуусуна басым жасалды.

Маалыматка ылайык, "Камбар-Ата-1" ГЭСин ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КРдин энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, "Камбар-Ата-1" ГЭСти курууга болгон даярдыктар башталды.

"Аталган ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттогон эмес, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде биз коңшу өлкөлөр менен биргеликте "Камбар-Ата-1" ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте бир топ электр энергиясына болгон тартыштык жоюлат. "Камбар-Ата-1" ГЭСин курууга даярдык иштери, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт", - деген министр Таалайбек Ибраев.

Ал эми Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9832