Караколдо 30 жылдан бери турган кинотеатр ишин жандантты
RU

Караколдо 30 жылдан бери турган кинотеатр ишин жандантты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдогу "Ысык-Көл" кинотеатры 30 жылдан кийин кайрадан ишин жандантты.

Kaktus.media редакциясына аталган кинотеатрдан учурда беш зал иштеп жатканын билдиришти. Расмий ачылышы 2023-жылдын 20-январында болот.

Ачылышка чейин дагы эки 3D зал, кинотеатрдын аймагында жалпы аянты 1,5 миң чарчы метрди түзгөн балдардын оюн-зоок борборун ачуу пландалууда.

Кинотеатрдын иштөө убактысы 09:00дөн 00:00гө чейин.

Белгилей кетсек, имарат 1968-жылы курулган. Ал 1992-жылга чейин кинотеатр катары иштеген. Имарат эки жыл бою реконструкцияланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9833