Бразилияда экс-президенттин тарапташтары тополоң уюштурушту
RU

Бразилияда экс-президенттин тарапташтары тополоң уюштурушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бразилияда президент Лула да Силванын жеңишине макул болбогондор баш аламандык уюштурушту. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, тополоңго 5 миңдей адам чыккан.

Жекшемби күнү экс-президент Жаир Болсонарунун тарапташтары полиция менен кагылышып, парламенттин имаратына, президенттик сарайга жана Жогорку сотко кирип барышкан. Баш аламандык өлкөнүн жаңы президенти Лула да Силванын инаугурациясынан бир жума өткөндөн кийин болду. Болсонару жана анын саясатын колдогондор жаңы президенттин шайлоодогу жеңишин моюнга алуудан баш тартышууда.

Полиция кызматкерлери тополоңчулар менен 3 сааттай алышып, 400дөн ашык адам кармалганы маалымдалды.

Ал эми президент Лула да Силва нааразычылык акцияларынан улам өлкөнүн борборунда январдын аягына чейин өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Ошондой эле тополоңду уюштургандарды жазалоону убада кылды. "Алар баары мыйзам чегинде жооп беришет. Муну ким кылган болсо, табылып, жазасын алат. Саясаттын эң жийиркеничтүү макулуктары сарайга жана конгресске басып киришти", - деп жазган президент Twitter`деги баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9842