Бишкекте таштандыларды иргеген жай ишке кирди
RU

Бишкекте таштандыларды иргеген жай ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пилоттук долбоордун алкагында Бишкекте таштандыларды иргей турган пункт ишке кирди. Аталган жай Биринчи Май районундагы Панфилов көчөсү №188/2 дарегинде жайгашканын мэриядан билдиришти.

  • Улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен таштандыларды сорттоо үчүн атайын эко-жай курулган.
  • Жалпы аянты 147,1 чарчы метр, 12 евроконтейнер, эки видеобайкоо камерасы орнотулган.
  • Таштандыны иргөө үчүн 15-16 чарчы метр иш бөлмө курулуп, суу, канализация жана электр энергиясы менен камсыздалды.
  • Таштанды контейнерлерин жаан-чачындан (жамгырдан, кардан) коргоо үчүн атайын бөлүнгөн жердин үстү тосулду. Ошондой эле контейнерлерди орнотууда жакынкы үйлөрдүн калкы да эске алынган.

Долбоордун максаты:

  • Жарандардын маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү;
  • Экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо;
  • Жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Мэриядан мындай пункттарды борбор калаанын башка райондоруна да ишке киргизүү уланып жатканын кошумчалашты. Долбоор инвесторлордун эсебинен ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9850