"Тазалыктын" жаңы директору мурда Финполдо иштеген
RU

"Тазалыктын" жаңы директору мурда Финполдо иштеген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Тазалык" муниципалдык ишканасына Рамиз Алиев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгонун Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Буга чейин Рамиз Алиев жоюлуп кеткен Финполдун Бишкек шаары боюнча өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Андан тышкары "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасында бөлүм башчы жана "Локомотив" спорттук-эс алуу комплексинин директорлук кызматты аркалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9852