Министрлик окуучулардын жазгы каникулу канча күнгө созуларын айтты
RU

Министрлик окуучулардын жазгы каникулу канча күнгө созуларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын кышкы жана жазгы каникулдарынын графигине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизди. Ага ылайык:

  • кышкы каникул 17 календардык күндү түзүп: 2022-жылдын 30-декабрында башталып, 2023-жылдын 15-январына чейин жарыяланат, сабактар 16-январда башталат;
  • жазгы каникул 5 календардык күндү түзүп: 22-марттан башталып, 26-мартка чейин жарыяланат, сабактар 27-мартынан башталат.

Белгилесек, окуучулардын кышкы каникулу 2023-жылдын 15-январына чейин узартылган. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык иш жүргүзөт. Ал эми кесиптик лицейлер билим берүүсүн окутуунун онлайн форматында жүргүзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9858