Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо тармагына тартип орнотуларын айтты
RU

Акылбек Жапаров саламаттыкты сактоо тармагына тартип орнотуларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигине медициналык мекемелерде жардам жана кызмат көрсөтүүнүн так стандарттарын иштеп чыгуу жана сунуштоо тапшырылды.

"Эгер бейтап ооруканага келсе, ага өз учурунда квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлүшү керек. Бизде медициналык кызматкерлердин ишинин так, түшүнүктүү жана натыйжалуу стандарттары болушу зарыл. Бардык ооруканаларда дүйнөлүк стандарттарга жооп берген, стерилдүү жана тийиштүү инфраструктура менен жабдылган жаңы кабыл алуу пункттары курулушу тийиш. Быйыл саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын өнүктүрүү маселесинде бурулуш жасоо зарыл. Биз бул тармактарда тартипти орнотобуз", - деди Акылбек Жапаров.

Кеңешменин жыйынтыгында Саламаттыкты сактоо министрлигине бир катар тапшырмалар берилди:

  • саламаттыкты сактоо уюмдарында педиатриялык кызматты калыбына келтирүү;
  • эне жана баланын өлүмүнүн себептерин иликтөө бонча штабдын ишин жандандыруу аркылуу балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
  • ооруканаларды жана поликлиникаларды бөлүү жолу менен саламаттыкты сактоо уюмдарынын түзүмүн кайра уюштуруу маселесин чечүү;
  • калкка медициналык жардам көрсөтүлбөгөн учурлар боюнча күнү-түнү иш алып баруучу ишеним телефонун киргизүү;
  • "Тез жардам" унааларын лизингге алуу маселесин иштеп чыгуу;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна калктын камсыздандырылбаган категорияларын (социалдык жактан аяр категорияларын кошпогондо) милдеттүү медициналык камсыздандыруу менен толук камтууну камсыздоо тапшырылды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9867