Төө-Ашууга кар көчкү түшүп, бир унааны басып калды
RU

Төө-Ашууга кар көчкү түшүп, бир унааны басып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Ош унаа жолунун 132,5-чакырымында, тагыраагы, Төө-Ашуу ашуусунда кар көчкү түштү.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, кар көчкү 10-январда түнкү саат 23:00 чамасында түштү. Көчкүнүн көлөмү 4000 куб метрди түзүп, жолду дароо кардан тазалоо иштери башталды.

Аталган унаа жолдо каттам убактылуу жабылып, саат 23:50дө жол бир тараптуу ачылган. 11-январга караган түнү саат 00:15те унаа жол толугу менен тазаланып эки тараптуу ачылды.

Көчкү бир унааны басып калды. Бактыга жараша, жолчулар унаадагы адамдарды аман-эсен алып чыгышты. Жабыркагандар болгон жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9871