"Шамбала" тасмасы Индияда өткөн фестивалда 2 сыйлыкка татыды
RU

"Шамбала" тасмасы Индияда өткөн фестивалда 2 сыйлыкка татыды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, кинорежиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Индияда өткөн эл аралык фестивалда 2 сыйлыкка татыды.

Белгилүү болгондой, режиссёрдун эмгеги "Мыкты тасма" жана "Шиважи Махарадж падышасынын глобалдык лидерлик сыйлыгын" жеңип алды.

"Шамбала" тасмасы буга чейин бир катар эл аралык фестивалдарга катышып, бир нече сыйлыктарды жеңип алган. Тагыраагы, "Ника" сыйлыгын, андан соң Калькуттадагы эл аралык фестивалда мыкты режиссура сыйлыгын жана башка эл аралык сыйлыктарга ээ болгон.

Аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9877