"Санабар" деп тааныштырчу. Милиция жансыз денеси табылган аялды аныктоого жардам сурайт
RU

"Санабар" деп тааныштырчу. Милиция жансыз денеси табылган аялды аныктоого жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде жансыз денеси табылган аялдын аты-жөнүн аныктоого милиция кызматкерлери коомчулуктан жардам сурайт. Облустук милициядан билдиришкендей, маркумдун сөөгү 10-январда табылган.

Анда Ш.А. аттуу тургун милицияга Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү үйдө бейтааныш аялдын жансыз денеси жатканын кабарланган. Аталган факты маалыматтарды электрондук каттоо журналына киргизилген.

"Каза болгон аял болжол менен 45-50 жашта, боюнун узундугу 155-165 см, кашы, көзү кара, арык, чачтары кыска жана психикалык жактан жабыркаган. Өзүн "Санабар" деп таныштырып жүргөн", - дешет басма сөз кызматынан.

Маркумдун өздүгү аныкталбай, жакындары табылбай жатканына байланыштуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (03622) 5-00-68, 0508 03 16 35.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9882