Ошто айыл башчынын орун басары 4 миң доллар опузалаган деп кармалды
RU

Ошто айыл башчынын орун басары 4 миң доллар опузалаган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто айыл башчынын орун басары 4 миң доллар акча талап кылганга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашат.

Белгилүү болгондой, Карай-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары М.Б.С. жергиликтүү тургундан 4 миң доллар талап кылган. Болбосо жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомду жокко чыгарам деп коркуткан.

11-январда 86 миң сом өлчөмүндө каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылып жатканы белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9890