Муфтий кызматына 8 адам талапкерлигин койду. Тизме
RU

Муфтий кызматына 8 адам талапкерлигин койду. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

5-апрелде Кыргызстандын аалымдар кеңешинин курултайында жаңы муфтий шайланат. Талапкерлерди катоо 17-мартта жыйынтыкталып, 8 адам ат салыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу редакцияга Кыргызстандын аалымдар кенешинин басма сөз кызматы маалымдады.

Андан тышкары курултай учурунда Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү да шайланат. Арызы менен 75 диний ишмерлер кайрылышкан, алардын ичинен 21и гана кеңешке кирет. Муфтий жана кеңештин мүчөлөру төрт жылга шайланат.

Муфтий кызматына төмөнкүлөр талапкерлигин коюшту:

  • Нурбек Токтогулов
  • Сайдамир Джейналиев
  • Султанали Гапуров
  • Убайдулла Сарыбаев
  • Шүкүр Исмаилов
  • Шакир Маматов
  • Нематилла Жээнбеков
  • Ниязали Арипов.

Эске салсак, УКМК КМДБнин башкы бухгалтерин жана экс муфтий Максат ажы Токтомушевди ири өлчөмдөгү жемкорлук иши боюнча камакка алган. УКМКнын билдирүүсү боюнча муфтият ажылыктан түшкөн каражатты жеке менчик мекемелерге үстөк пайызы менен берип келген, деп шектелүүдө. Соттун чечими менен экс-муфтий үй камагына чыгарылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/989