Кайгуул кызматы Улан Үсөйүндү мас абалында кармоого аракет кылды
RU

Кайгуул кызматы Улан Үсөйүндү мас абалында кармоого аракет кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандык активист Улан Үсөйүндү кайгуул кызматы үйүнүн алдынан токтотуп, мас абалында машине айдап жүрөт деп айыпташкан. Бул маалыматты Kaktus.media'га активист өзү тастыктады.

Анын айтымында, бул окуя 16-мартта болгон. Үйүнүн жанында ГАИнин эки машинеси күтүп турган экен, алар алкоголь жана баңгизатка текшерүү тесттен өтүшү керектигин айтышкан.

"Бирок мен такыр ичпейм. Ошого карабастан тесттен өтүүгө макул болуп, кесиптештерим менен наркологияга бардык. Тесттер менин организмимде алкоголь дагы, баңги заты да жок экенин көрсөттү", - деди ал.

Улан Үсөйүн мурун деле анын артынан аңдып жүрүшкөнүн байкагандыгын билдирди.

Эч кимди каралагым келген жок, бул жөн гана дал келишүү деп туралы.

Активист мындай кокустуктарды алдын алуу максатында, машинеден баш тартып, жөө жүрө тургандыгын кошумчалады.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкы башкармалыгы Kaktus.media'га берген маалыматына ылайык, 2021-жылы 17-мартта болжол менен саат 00:20да Тыныстанов көчөсүнөн Lexus RX 350 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.

"Тинтүү жүргүзүү учурунда У. аттуу айдоочу мас деген шек менен наркологиялык бөлүмгө жеткирилген. Ал жактан анын дени сак экенин аныкталды. Бирок айдоочунун айдоочу күбөлүгу жок болгондуктан милиция кызматкерлери унаасын унаа токтоуучу жайга жеткирип коюшкан", - деп ЖКККББ маалымат берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/990