Президенттин атынан балдарга телефон, энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү
RU

Президенттин атынан балдарга телефон, энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер тапшырылды. Белектерди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын бышчысы Айбек Жунушалиев тапшырды.

Коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тандалган. Алардын балдарына уюлдук телефон берилип, жалгыз бой энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле Бакыт Төрөбаев тиешелүү жергиликтүү бийликтин жетекчилерине балдардын мектептердеги төлөмдөрүнөн бошотуу, жылытуу мезгилинде көмүр менен камсыздоо тапшырмаларын берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9926