Токтогул ГЭСиндеги авария боюнча билдирүү келсе ишенбиңиз. Маалымат фейк
RU

Токтогул ГЭСиндеги авария боюнча билдирүү келсе ишенбиңиз. Маалымат фейк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына окурмандар кайрылып, мессенджерлерде тарап жаткан Токтогул ГЭСиндеги бир агрегат иштен чыкты деген кабардын чын же жалган экенин тактап берүүнү суранышты.

Интернет желесине тараган билдирүүдө:

"Урматтуу тургундар, Токтогул ГЭСинде 1 агрегат иштен чыккандыгына байланыштуу речпублика боюнча суткасына 4 маал электр жарыгы өчүрүлөт.

Саат 10-12:00, 14:00-16:00, 20:00-22:00 жана 02:00-04:00дө. Убактылуу!", - деп айтылат.

"Электр станциялары" ишканасынан Токтогул ГЭСиндеги төрт гидроагрегат өз нугунда иштеп жатканын айтышты. Ошондой эле электр жарыгын берүүдө чектөөлөр болбогонун кошумчалашты.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте, шаардын чет жакаларындагы конуштарда электр жарыгынын өчүрүлүшү боюнча даттануулар болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9943