Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 6 наристе чарчап калды
RU

Ысык-Көл облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 6 наристе чарчап калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облустук биргелешкен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө 1-январдан 15-январга чейин 6 ымыркай чарчап калды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен ырасташты.

Кабарлангандай, 11-январда Эне жана баланы коргоо борборунун ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калган учурлары аныкталган.

Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан алдыңкы адистерден турган ыкчам комиссия түзүлгөн.

"Учурда бардык жагдайлар териштирилип жатат. Жакынкы арада бул маселе штабда каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Бул жагдайлар министрликтин тыкыр көзөмөлүндө", - дешет мекемеден.

Ал эми төрөт бөлүмү дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабылып, көз жаргандар жана төрөй тургандар Ак-Суудагы жалпы дарыгердик борборуна жөнөтүлүп жатканы кабарланды.

Бул окуяга байланыштуу аталган оорукананын директору Мирбек Сагынбаев кызматынан убактылуу четтетилди.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9957