Өзгөндө машинеге ок атылды. Эки адам каза болду
RU

Өзгөндө машинеге ок атылды. Эки адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда белгисиз адамдар автоунаага ок атып эки киши каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media'га милиция кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, 18-марттан 19-мартка караган түнү, болжол менен саат 03:35те ооруканага ок атуудан жабыркаган эки адам жеткирилген, бирок дарыгерлер алардын каза болгонун айтышкан.

Бул факт боюнча КРдин Жазык кодексинин "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Белгилүү болгондой, "Хонда Инспайер" үлгүсүндөгү унаада үч адам отурган, аларга белгисиздер басып келип, ок атышкан. Үч адамдын ичинен бирөөсү эле аман калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/996