Кыргыз-кытай чек арасы төрт күнгө жабылат
RU

Кыргыз-кытай чек арасы төрт күнгө жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай тараптын демилгеси менен "Жаз" майрамын майрамдоого карата кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" менен "Эркечтам" көзөмөл бекеттери 21-24-январь күндөрү убактылуу жабык болот. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу жарандар, транспорт каражаттары жана жүктөрдүн өтүүсүнө 25-январдан баштап уруксат берилет.

Ал эми "Торугарт" бекети өзгөчө алгоритм менен иштөөдө: Кытайдан Кыргызстанга бир гана жүк менен транспорт каражаттары өтө алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9972