"Кыргызалтындын" төрагасы кызматтан кетүү чечимин кабыл алды
RU

"Кыргызалтындын" төрагасы кызматтан кетүү чечимин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызалтын" ачык акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Элдияр Калдарбеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазды.

Бирок анын кызматтан кетүү боюнча арызына кол коюла электигин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан Kaktus.mediaга маалымдашты.

Эске салсак, Калдарбеков компаниянын жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган. Буга чейин Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп иштеген. "Кыргызалтындын" жетекчиси болуп дайындалганга чейин ал ишкананын мунай иштетүүчү заводунун директорунун орун басары болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9981