Чүйдө мамкызматкер коррупцияга шектелүүдө
RU

Чүйдө мамкызматкер коррупцияга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 18-январда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертизанын директору М.У.Ж. кармалды.

Ал Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, аудиттин корутундусуна ылайык, 4 миллион 500 миң сомго жакын зыян келтирилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9993